Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын биринин жетекчиси пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан бүгүн, 23-февралда кабарлашты.
"Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203-берене (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки ачылган өндүрүш ишинин алкагында 22-февралда 84 миң сом каражат алып жаткан жеринен маалымат агенттиктеринин биринин директору М.У.К. кармалды.
Кармалган кызматкер видеону өчүрүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталды. Видеодо арыз ээси мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылып жаткан учур тартылган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улантылууда.