Кадамжай районундагы Молдо-Нияз айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылында ичүүчү суу системасынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, долбоордун алкагында 2 миңге жакын тургун үзгүлтүксүз жана таза ичүүчү суу менен камсыз болду.
Долбоор ичүүчү суу менен камсыздоо жана туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу алкагында ишке ашырылды.