Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө 750 орундуу жаңы мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылында 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 438 миллион сомду түзөт.

"Белгилей кетсек, курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Учурда имараттын чатыры жабылып, ички жасалгалоо иштери аткарылууда. Эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, медициналык бөлмө, жыйындар жана спорт залдары каралган. Объекттин курулушу тиешелүү мамлекеттик мекеме тарабынан көзөмөлдөнүүдө", - деп кошумчалады мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан