реклама
super.kg logo
реклама

"Маалымат жыйын уюштурууну сүйлөшүшкөн". "Кабарлар" маалымат агенттиги директорунун кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

 

Буга чейин УКМК жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын биринин жетекчиси пара талап кылуу фактысы менен кармалганын билдирген.

Кийинчерээк "Кабарлар" маалымат агенттиги директору Үмүт Мукамбетованын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди. Анда эки апта бою агенттиктин сайтына хакердик чабуул жасалганы, 2 күн мурда бир нече адам айрым саясатчылардын дарегине карата негативдүү маалыматтарды жазбоо талабын да коюшканын айтты.

"Андан кийин Аскар аттуу жаран “Кабарлар” маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетовага кайрылып, ага журналисттер менен маалымат жыйын уюштуруп берүүнү өтүнгөн. Ал патрулдук милиция кызматкерлерине кармалгандыгына байланыштуу кырдаалды айтып берүү үчүн маалымат бергиси келгенин айткан.

Аскар буга чейин бир нече маалымат каражаттарына маалымат жыйын уюштурууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал эми Үмүт Мукамбетова аты аталган жаран менен тааныш болгондуктан маалымат жыйын уюштурууга жардам берүүгө макул болгон. Иш-чараны "Жаннат" мейманканасында өткөрүү үчүн Аскар 20 миң сом берүүнү убада кылган.

Биздин агенттик муну саясий буйрук жана маалымат агенттигинин беделин түшүрүүгө багытталган максаттуу уюштуруу деп эсептейт", - дешет мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.02.2021. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
10-05-2017
Соӊку аракети:
24-02-2021 16:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жер жузу
0
Садыр Нургожоевич мен уйго кетемби деген кишиго карматкан адам.
24.02.2021. 22:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1306
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
24-02-2021 22:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайын уюштурулган көрүнүп турат Үмүт эч качан пара талап кылган эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
161899;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: