Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында түтүк уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 28-октябрында белгисиз жарандар анын 48 темир түтүгүн уурдап кеткенин айтып арызданган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары К.Ж. аттуу 1979-жылы туулган жаран кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы да аныкталган.