Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясы качан аяктаарын айтты

Дүйнө жүзүнүн үшүн алган коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында токтойт. Мындай божомолду Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Регионалдык бюросунун башчысы Ханс Клюге билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазышты.

"Эң начар убакыттар артта калды. Вирус жайыла баштаган 2020-жылдан бери биз ооруну көбүрөөк билип калдык", - деген Клюге.

Клюге вирус адамдардын арасында жок болбой тургандыгын, бирок көрсөтүлгөн убакытка чейин чектөөлөрдүн кереги жок экендигин баса белгилеген. Ошол эле учурда ал бул болжол гана экенин, себеби эч ким кырдаал кандай өнүгөрүн так айта албай тургандыгын билдирген.

Дүйнөдө 112 миллиондон ашуун адам коронавирусту жуктуруп, дээрлик 2 жарым миллион адам каза болду. Вирусту жуктуруп алгандардын көпчүлүгү АКШ, Индия жана Бразилияда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан