Бүгүн, 21-март күнү Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин катышуусунда жыйын өтүүдө. Анда авиакаттамдардын чектөөсү тууралуу маалымат берилди.
"Авиа трафик" авиакомпаниясы чартердик каттам аткарууга макулдугун берди. Бүгүн же эртең Шарм-эль-Шейхте калган 100дөн ашык Кыргыз жарандарын өлкөгө алып келишет", - деди директор.
Буга чейин ырчы Дайыр Исмадияров Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында 100дөн ашык Кыргыз жарандары өлкөгө келе албай жатканын айткан.