Телеграм социалдык тармагында жаңы функция пайда болду

Telegram мессенжеринде баарлашуудагы каалаган билдирүүлөрдү, ошондой эле топторго жана каналдарга чакыруу үчүн убактылуу шилтемелерди автоматтык түрдө жок кылуучу жаңы функция пайда болду. Бул тууралуу Telegram'дын расмий блогунда маалымдалды.
Маалыматка ылайык, Телеграм бардык катышуучулары үчүн билдирүүлөрдү 24 сааттан же 7 күндөн кийин автоматтык түрдө өчүрүүнү орнотууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле Телеграм мессенжери топторго жана жаңы каналдарга чакыруу үчүн убактылуу шилтемелерди автоматтык түрдө жок кылуу жаңы функциясына дагы ээ болду.
Эми топтордо жана каналдарда администраторлор гана билдирүүнү автоматтык түрдө өчүрүүнү жандыра алышат. Мурда бул функция жашыруун баарлашууда гана бар болчу.
Мындан тышкары, топтордо катышуучулардын санына чек коюлбайт. Ошондой эле колдонуучулар виджеттердин жардамы менен смартфондун үй экранынан баарлашууга тез мүмкүнчүлүк алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан