Бишкек шаарынын бюджетинин долбоору шаардык кеңештин депутаттары тарабынан кийинки сессияда каралат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шаардын 2021-жылга карата бюджетинин долбоорун угушат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына кабарлады. Басма сөз кызматынан маалымдагандай, сессия 26-февралда өтөт.

Бул сессия ушул чакырылыштын акыркы сессиясы болуп калмакчы.

Эскерте кетсек, 18-февралда Бишкек шаарында жалпы шаардык бюджеттик угуу өткөн. Анда 2021-жылга Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы көлөмү 10 230 миллион 993,6 миң сом деп болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан