"Орусияда камалган жарандарды Кыргыз өлкөсүнө которуу боюнча Башкы прокуратура маалымат бериши керек", - деп бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
Эл өкүлү башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев кандай учурда Орусияда камалган жарандарды өлкөгө которууга мүмкүн эмес деп сурады.
"Канчалаган жарандардын туугандары Орусияда камалып жатат. Аларды Кыргыз өлкөсүнө которуу боюнча Башкы прокуратурага барышса, силерге кириш абдан кыйын экен. Биз депутаттар кат жазып жатып дагы ушул маселени чече албай жатабыз. Маалымат жабык, эл жол-жобосун билбейт. Орусияда кылмыш менен адилетсиз камалгандар бар. Башкы прокуратура, элди чуркатып жатасыңар. Кантип аларды өлкөгө которсо боло турганы боюнча маалымат беришиңер керек! Жаран кандай кылмыш кылганда Кыргыз өлкөсүнө которуу мүмкүн эмес?" - деп сурады депутат.
Турусбек Ишеналиев: "Бүгүнкү күндө тоскоолдук кылган жоруктар мыйзамы шайкеш келбей жатат. Жоруктар деген түшүнүк аларда жок. Бул сурооңузга даярданып жооп берем", - деди.