Бельгия бийлиги кокусунан калкка зыяндуу коргоочу бет каптарды таратып алган. Бельгиянын коомдук саламаттыкты сактоо институту бет капта адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү заттарды аныктаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Институттун отчётунда бет каптын материалынын курамынан күмүштүн калдыктары жана титан диоксиди табылганы жазылган. Бул заттар дем алуу органдарына терс таасирин тийгизип, өпкөнүн сезгенишине алып келиши мүмкүн болчу.
Белгилей кетсек, Бельгия өкмөтү 2020-жылы июнь айында акысыз бет кап тараткан. Бет капты каалоочулар бардык дарыканалардан акысыз алууга мүмкүн болчу. Бельгиянын кампаларында дагы 3 жарым миллион бет кап бар экендиги айтылат.