"Таң калычтуу". Индонезияда бет түзүлүшү адамдын жүзүнө окшош болгон акула табылды

Индонезияда Абдулла Нурен аттуу балыкчы Рота аралынын жээгинен бет түзүлүшү адамдын жүзүнө окшош болгон акуланын баласын кармады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, балыкчы тор салып андан акула кармап алган. Ал акуланы сатуу үчүн союп жатканда ичинен акуланын балдары табылган. Эки акула кадимки акулаларга окшош болсо, үчүнчүсүнүн жүзү адамдыкына окшош болгон. Балыкчынын айтымында, кошуналары акуланын баласын сатып алгылары келген, бирок ал макул болгон эмес.

"Менин үйүмө акуланы көрүү үчүн көптөр келди. Бирок мен аларды саткан жокмун. Бул акула мага ийгилик алып келет деп ойлойм", - деген балыкчы.

Индонезияда кармалган "адамдын жүзү" менен акула
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
uitmor
2021-02-24 14:47:00
Кукла го
0
Haanykeim
2021-02-24 14:48:15
Акула балким адамды өтө жакшы көргөндүр,ошол себептен ушундай адамга окшош болуп калгандыр.Өтө таң калыштуу..
-2
Kyrc...
2021-02-24 16:15:27
Акуланын ичиндеги туйулдук турбайбы, ай кунуно жете электе адам деле акулага же кескелдирикке окшош болот го
+10
Jibakana
2021-02-24 16:15:48
Ушуну адамга окшоштуруп салдынар анан?
+5
bond02
2021-02-24 16:26:25
Аргындашып калса керек да.
-1
Jibakana
2021-02-25 22:10:26
Ойлонулачы алтындарым каери адамга окшошуп турат?кайсы жери?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан