Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча 20 миңдей кол топтолду

Мурдагы президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча 20 миңдей кол топтолду. Бул тууралуу жарандык активист Чынгыз Капаров SUPER.KG порталына билдирип, кол топтоо 5-февралда башталган.

"Бүгүнкү күндө 20 миңге чукул кол топтолду, биздин максат 300 миң кол топтоо. Жер-жерлерде кол топтоо уланып жатат. Биздин катарда мигранттар дагы бар", - деп билдирди Чынгыз Капаров.

Буга чейин экс-президенттерди макамынан ажыратуу боюнча кол топтоо иштери башталганын, ага Роза Отунбаеванын 2010-жылы шайлоого катышпаганы, Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткени себеп болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Simels
2021-02-24 13:50:26
Кол топтоого кандайча кошулсак болот? Электрондуу түрдө болобу ?
-5
Asmat84
2021-02-24 14:00:41
Бир жөн отурбаган калк экенбиз да ушул иштерди жасап жүргөн адам эртең бул бийлик кеткенде да ушул иштерди жасайт себеби айтылып келет пахта коймой адат эч жерде калбайт
+14
Mirlan27011987
2021-02-24 14:08:57
Сооронбайды алыш керек. Баардык кылмыштын башында Соке озу жана бир тууган ини турган.
-6
Rusi79
2021-02-24 14:15:42
Кумондор айткандай "мээн менен жерге кир" Башка кылаар ишинер жокпу, баары бири бирин чукумай,тээк койгулачы эми ошолорду же силер таптазасынарбы, кыскасы кыскыла давайте баарыбыз бир кысайлычы.
+12
aiba.20201234567
2021-02-24 14:25:43
Мен дагы кол койуп берет элем....
-6
Jelezo
2021-02-24 18:00:04
Убакыт аз артка жол жок алдыга жылгылачы, көчүк эле чукутуп койсо болду экен кээ бир адамдарга.
+8
zam81
2021-02-24 18:59:20
Менда барат элем кол койгону каерде экен
-2
nazira...
2021-02-24 19:16:31
Сокени эл шайлады, анан үч жыл иштеди неси болсо да, а Розаны эч ким шайлаган жок и бир эле жыл отурду, анысы аз келгенсип Ош окуясын кылган да ушул. Жөн отурбай "мырк" деп өзү тийишип алды. Кыйратып койгонсуп андан кийинки президенттерге сын айтып жүрдү. Ошон үчүн "Мадам брошкинага" гана кол коюп берет элем.
+6
make2
2021-02-25 00:18:49
Мыйзам баарына бирдей, туура экс алгандары мыйзамсыз, АША эле толук иштеген
-2
SHMIT
2021-02-25 01:47:04
Мен кол койбойм Аллах коруп турат ким таза иштеди ким таза эмес иштеди лично мен билбейм .экс болобу болбойбу эн негизгиси чондор Аллах бар мен корком деп таза эл учун иштеп берсе болду
0
Nursul
2021-02-25 08:02:39
Сооронбай Жээнбеков жаманбы жакшыбы 4 5 жылдай биздин мамлекетибизди башкарды экс макамын албай эле койуш керек призденттике келип кеткендин баарын эле минте берсек болбой калат. А Отунбаеванын макамын алып сала бериш керек ай сайын 100 000 сомдон пенсия алат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан