Литвада карылар үйүнүн жашоочулары коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөн кийин COVID-19 жуктуруп алышты
Литвада карылар үйүндө коронавируска каршы эмдөө толугу менен аяктагандан кийин, кайрадан COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, карылар үйүндө COVID-19 илдетин жуктурган 15 адамдын 14ү гана толук графикке ылайык эмдөөдөн өткөн. Улуттук Коомдук Саламаттыкты Сактоо Борбору (NVSC) аталган жайдагы эмдөө жараянын кошумча кароону баштаары белгилүү болду.