Өкмөттүн жаңы түзүмү. Орусияга сапар. Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине 1 ай болду

Бүгүн, 28-февралда Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине бир ай болду. Ант берүү аземинде Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бир канча маселелерге токтолгон. Анда ал эл-журттун былтыркы жылдын 5-октябрындагы талабын жүзөгө ашырууну көздөө анын президенттик мөөнөттүн негизги мүдөө-максаты экенин айткан.

"Элимдин ар бир патриот, мекенчил уул-кызы кыялдангандай эле, мен дагы Кыргыз өлкөсүнүн экономикалык жактан ыкчам өнүккөн, адам укугу урматталган, мыйзам үстөмдүгүнө умтулган, жаштары келечекке оптимизм менен караган, эркин жана кубаттуу өлкөгө айланышын кыялданам. Бул аруу тилекти жүзөгө ашыруу боюнча пландарым президенттик программамда айтылды, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жалпы журтка жарыяладым", - деген Садыр Жапаров.
SUPER.KG порталы ошол күнү саясатчылар, саясат таануучулардан "Садыр Жапаров ага ишенгендердин үмүтүнө суу сеппөө үчүн ишин тез арада кандай кадамдардан башташы керек?" деген сурамжылоо жүргүзгөн.
SUPER.KG порталы Садыр Жапаровдун бир айда жасаган иштери тууралуу тизмектеди.
Өкмөттүн жаңы түзүмү куралды
Февраль айынын башында эле өкмөттүн жаңы курамы түзүлдү. Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы жактырылып, президент Садыр Жапаров ага кол койгон.

Жаңы өкмөттүн курамы:

  • Премьер-министр — Улукбек Марипов;
  • Биринчи вице-премьер — Артём Новиков;
  • Экономика жана финансы министри, вице-премьер — Улукбек Карымшаков;
  • Өкмөттүн аппарат жетекчиси — Жеңиш Асанкулов;
  • Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
  • Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
  • Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
  • Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • Юстиция министри — Асел Чынбаева;
  • Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
  • Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
  • Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.

SUPER.KG порталы "Өлкөдөгү абалды жакшыртууга өкмөттүк түзүлүштүн кардиналдуу өзгөрүшү өбөлгө боло алабы?" деген собол салган. Анда өкмөттүн курамын сындагандар, колдогондор дагы болгон.

Садыр Жапаров алгачкы сапарын Орусиядан баштады

24-25-февралда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияда болду. Бул үчүн ал бир гана аралыктан иштеп даярданбастан, "Слово Кыргызстана" гезитине дагы макала жарыялап даярданды. Анын бул макаласы Орусияга иш сапарга барардын алдында жарык көрдү. Анда ал Кыргыз өлкөсү үчүн Орусиянын орду жөнүндөгү маселе теориялык эмес, практикалык мүнөздө экендигин белгилеген. Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын 2020-жылы жарыяланган эриш-аркак жылын узартууну сунуштаган. Мындан тышкары Кыргыздын көрүнүктүү илимпоздорунун баары Москва жана Ленинграддын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү экенин дагы баса белгилеген. Буга чейин социалдык тармактарда Владимир Путин Садыр Жапаровду октябрь окуясынан кийин премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу болгондо куттуктаган жок деп сындап келишкен. Садыр Жапаров президенттик шайлоодо ийгиликке жеткенде Путин аны куттуктап, ийгиликтерди каалаган.

Ошентин 24-февралда президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Ал өлкөдө саясий жактан кыйын болуп жаткан мезгилде Владимир Путиндин жеке колдоосуна ыраазычылык билдирип, Кыргыз өлкөсү Орусия менен мурда жетишилген келишимдердин баарын сактоону улантарына ишендирди.

Садыр Жапаров алгачкы жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров 29-январда беш жарлыкка кол койгон.

Мамлекет башчысы жарандардын руханий адеп-ахлагын өнүктүрүү жана дене тарбиясы, жаңы кадрдык саясат, менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо, миграциялык кырдаалды жакшыртуу жана кен казуу тармагын реформалоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Ички саясаттын эң маанилүү багытын — жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргыз элинин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо максатында президент Садыр Жапаровдун «Жарандардын рухий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» биринчи жарлыгы чыкты.

«Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыкты жүзөгө ашыруу жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө тең жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн шарттарды, бардык кызмат орундарына натыйжалуу кадрдык резервди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүүгө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын карьералык өсүүсү үчүн шарттарды камсыздоого, кадр маселелерин чечүүдө коррупция тобокелдигин төмөндөтүүгө жол ачат.

«Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлык менен ишкерлердин жана инвесторлордун жеке мүлкүн коргоону күчөтүү, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишмердүүлүгүнө мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу боюнча чаралар каралган. Ал инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөнү түзүүгө багытталган.

Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын көпчүлүк жарандары мамлекеттин чегинен тышкары убактылуу эмгектенүүгө аргасыз болууда. Коронавирус инфекциясы пандемиясынын айынан келип чыккан экономикалык кризис эмгек мигранттарынын абалына терс таасирин тийгизди. Ушул себептен 2020-жылдын мартында алар Кыргыз Республикасына кайтып келе башташты, бул жумушсуздуктун өсүшүнө алып келди. Буга байланыштуу миграциялык процесстерди турукташтыруу максатында «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» жарлыкка кол коюлду.

«Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыктын негизги милдеттери болуп жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, мыйзамдарда, мамлекеттик жөнгө салууда орун алган көйгөйлөрдү четтетүү, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүү жана башкалар боюнча чараларды ишке ашыруу болуп саналат.

Аталган жарлык менен Кыргыз Республикасынын Кен кодексин кабыл алынган учурга карата лицензиясы бар жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштеткен ишканаларды кошпогондо уставдык капиталында мамлекеттин катышуусу 100% болгон улуттук кен казуу компаниясынын гана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларын иштетүү каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан