Ошто мектепке барбай компьютердик клубдарда жүргөн окуучулар боюнча рейд жүрдү

9-октябрь күнү Ош шаарында мектепке барбай компьютердик клубдарда жүргөн окуучулар боюнча рейд жүрдү. Иш-чара шаардын жаштар иштери боюнча комитети менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен бирге уюштурулду. Рейддин алкагында 30га жакын компьютердик клуб текшерилип, акт түзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2-3-7-8-класстын бир катар окуучулары сабак учурунда мектепке барбай, компьютер оюндарын ойноп жүргөнү аныкталды. Жаштар иштери боюнча комитетинин мүчөлөрү бул көрүнүш боюнча шаардык кеңешке жана мэрияга атайын сунуш даярдап жатат. Сунушта сабак учурунда компьютердик клубдарга окуучуларды киргизүүгө тыюу салуу менен бирге административдик жоопкерчиликке тартуу жагы каралган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан