Садыр Жапаров Орусияга кетти. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 24-февраль, күнгө шаршемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Президент Орусияга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров чет элге биринчи иш сапары менен Орусияга кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн өз ара натыйжалуу байланышын өнүктүрүү келечегин талкуулашат.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысынын Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, Орусиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Орусиядагы мекендештер жана студенттер менен жолугушуу күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;

— Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков;

— Вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

— Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Орусиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат;

— Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;

— Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

— Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— Энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;

— Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев;

— Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов.

Максат Сабиров мандатын тапшыра турганын жарыялады

Депутат Максат Сабиров мандатын тапшыра турганын жарыялады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүн мен мандатымды жаштарга таштап кетүүнү туура деп чечтим. Мандатымды тапшыра турган болдум. Баарыңыздарга жакшылык каалайм", - деди ал.

Максат Сабиров "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат.

Депутат башкы прокурордун орун басарын сындады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Үмбөталы Кыдыралиев чет өлкөдө камалган Кыргыз жарандарын мамлекетке которуу маселеси боюнча кайсы мамлекеттик орган иш алып барары тууралуу сурады.

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев экстрадициялоо маселеси менен Башкы прокуратура иш алып бара турганын билдирди. Анын айтымында, КМШ аймагында экстрадициялоо Минск жана Кишинев конвенцияларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

Депутат: "Сиз туура эмес айтып жатасыз. Москвада 1998-жылы түзүлгөн конвенция бар. Сиз диломатиялык конвенцияны айтып жатасыз. Аны билбейсизби?" - деди.

Ишеналиев ал боюнча маалыматы жоктугун билдирди.

Депутат: "Келесиз эч нерсе билбей отурасыз. 1500 жаран Орусияда, 2500 Казакстанда отурат. Даярданып келбейсизби. Алардын туугандары качан Башкы прокуратура алып келет деп күтүп отурат да", - дейт.

Экс-президенттерди макамынан ажыратуу боюнча 20 миңдей кол топтолду

Мурдагы президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча 20 миңдей кол топтолду. Бул тууралуу жарандык активист Чынгыз Капаров SUPER.KG порталына билдирди. Кол топтоо 5-февралда башталган.

"Бүгүнкү күндө 20 миңге чукул кол топтолду, биздин максат 300 миң кол топтоо. Жер-жерлерде кол топтоо уланып жатат", - деп билдирди Чынгыз Капаров.

Буга чейин экс-президенттерди макамынан ажыратуу боюнча кол топтоо иштери башталганын, ага Роза Отунбаеванын 2010-жылы шайлоого катышпаганы, Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткени себеп болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан