Дыйкандар күйүүчү майды арзандатылган баада алса болот. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен “Кыргызстан нефтетрейдерлер Ассоциациясы” айылдык товар өндүрүүүчүлөргө, сезондук талаачылык жумуштарын жүргүзүүдө, мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында өз ара кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшкан.
Ага ылайык, айыл чарба субъекттери, күйүүчү майды 2 сомдун тегерегинде арзандатылган баада сатып алса болот. Күйүүчү майды сатып алууну каалаган жарандар жергиликтүү бийлик органдарына тапшырык тапшыруусу керек. Күйүүчү майлар “Газпром нефть Азия”, “Партнер Нефть” май куюучу жайларынан берилет.
Белгилей кетсек, Баткен облусунда 2021-жылы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү максатында ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу чыгып, пандемияга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу, азык-түлүккө болгон бааларды турукташтыруу максатында айдоо аянттарын кеңейтүү, негизги керектелүүчү айыл чарба продукцияларын өндүрүү менен көлөмүн өстүрүүнү колго алуу, жер-жерлерде дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген", - деп айтылат маалыматта.
Учурда жер семирткич, үрөндөр, жергиликтүү базарларда сатылууда.
Баткен облусунда 2021-жылдын түшүмү үчүн жаздык жана күздүк себүүдө, 30 миң 501 гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин себүү пландалган.