УКМК тарабынан кармалган "Кабарлар" маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетова үй камагына чыгарылды

УКМК тарабынан кармалган "Кабарлар" маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 24-февралда прокуратуранын тергөөчүсүнүн келтирген өтүнүчүнүн негизинде үй камагына чыккан.

Анда ал 23-апрелге чейин үй камагында болмокчу.

Буга чейин УКМК жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын биринин жетекчиси пара талап кылуу фактысы менен кармалганын билдирген.

Кийинчерээк кармалган адам "Кабарлар" маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетова экендиги белгилүү болуп, аталган агенттик тарабынан жетекчинин кармалышы боюнча түшүндүрмө берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-02-25 00:49:25
Кандай гана курч мыкты журналист эле
Мен алигиче ишене албай турам бул эжешканын көптөгөн передачаларын көрчүмүн. Өз ишин мыкты билген таланттуу адис болчу. Муну да подстава кылып жок кылдыңар ээ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан