"Эми Жүк 200дүн чыгымын мамлекет толук моюнга алат. Ар бир төлөнүүчү каражат эсептелип чыгып, атайын кызматтар сөөктү жөнөтөт. Анын баарын консулдук уюштурат" деди президент Садыр Жапаров Москва шаарында мекендештер менен жолугушууда.
"Өлкөгө акча салсаңыздар жакшы, ал эми каза болуп калса сөөгүн талаага таштап койгон адамгерчиликке да жатпайт. Учурдан пайдаланып пандемия учурунда жардам берген диаспорада иштегендерге ыраазычылык билдирем", - деди Жапаров.