Садыр Жапаров Татарстан президенти Рустам Минниханов менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргыз-Татар эки тараптуу байланыштарынын келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.
Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү менен Татарстан элдерин маданиятынын, тилинин окшоштугу, бир дин, жалпы каада-салттар бириктирип турарын жана аларды колдоо зарылдыгын өзгөчө белгиледи.
Кыргыз өлкөсү бүгүнкү күндө Орусиянын өнүккөн аймактарынын катарына кирген Татарстандагы ийгиликтерге канааттануу менен көз салып тургандыгын кошумчалады.
Ал Рустам Миннихановдун Кыргыз-Татар эки тараптуу байланыштарын өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө ынтаа коюу менен мамиле кылгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
«Биз ар дайым тыгыз кызматташууга, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгындагы экономикалык, соода, маданий байланыштарды өнүктүрүүгө ынтызарбыз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Рустам Минниханов электрондук башкаруу, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жана башка чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.