Каныбек Осмоналиев: "Бейөкмөт уюмдар мектеп окуучуларына жыныстык мамилелерди үйрөтүүгө аракет кылышууда"

Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйыны башталды. Биринчи сөз алган депутат Каныбек Осмоналиев "Алянс" бейөкмөт уюмунун өлкөдө жасап жаткан терс иштерин сынга алып, аларды токтотуу зарыл экенин билдирди. "Бейөкмөт уюмдар кыргыздын салт-санаасын бузууга аракет кылууда. Мектеп окуучулары үчүн атайын китептерди чыгарып таратууда. Мында эмне жазылган? Кыргыз кызы менен чет элдик жарандын мамилеси. Мектеп окуучулары алгебра же физиканы окубай эле, жыныстык мамилелерди үйрөнүшү керек экен",- деди депутат. Осмоналиев бул маселеге тез арада чек коюу керектигин белгиледи. "Бул маселе кийин "Кумтөр" маселесинен 10 эсе чоң көйгөйгө айланат",- деди ал. 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан