Бүгүн, 10-октябрда Ош облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт
Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай райондорунун айрым акмактарында бүгүн, 10-октябрда саат 08:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Муну "Ош электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Өчүрүү тийиштүү жабдууларды оңдоо иштерине байланыштуу болот.
Тактап айтканда, Алай районундагы Үч-Дөбө айыл өкмөтүндө, Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында жана башка айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт.