АКШнын президенти Жо Байден мурунку президент Дональд Трамптын бир катар чет өлкөлүктөрдүн АКШга кирүүсүн чектөө жөнүндө жарлыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Трамп 2020-жылы апрелде коронавирус пандемиясы учурунда "АКШнын эмгек рыногуна коркунуч жараткан иммигранттардын АКШга кирүүсүнө жол бербеген" жарлыкка кол койгон.
"Жарлык АКШнын кызыкчылыгын көздөбөйт. Тескерисинче, АКШ жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана туруктуу жашоо статусунун ээлеринин үй-бүлөлөрү менен биригишине жол бербөө сыяктуу зыян келтирет" - деди Байден.
"Бул ошондой эле АКШнын экономикасында дүйнөнүн ар кайсы бурчунан талантка ээ болгон тармактарга тоскоол болот", - деп кошумчалаган Байден. Анын айтымында, Трамптын чараларына байланыштуу жылдык лотереядан АКШда жашоого уруксат алган адамдар (грин-карта) өлкөгө кире алган эмес.