Мандатын тапшыра турганын жарыялаган Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун ордуна Акыл Кемелов келиши мүмкүн. Маалыматты SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Белгилүү болгондой, "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча кезекте Акыл Кемелов турат.
Спорт чебери Акыл Кемелов 37 жашта. Ал 2016-жылдан бери "Кулатуу эр таймаш" федерациясынын Ысык-Көл облусу боюнча президенти кызматын аркалап келет.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-февралда өткөн парламенттин жыйынында Максат Сабиров мандатын тапшырарын айткан.