"Бир нече адам көз жумду". АКШ Байдендин буйругу менен Сирияга абадан сокку урду
АКШнын аскер күчтөрү Сириянын чыгышындагы чек ара көзөмөл пунктуна абадан сокку урушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
"АКШнын аскер күчтөрү Сириянын чыгышындагы чек ара көзөмөл пунктуна абадан сокку урушту. Натыйжада бир нече адам көз жумду", - деп жазылат маалыматта.
Бул сокку коргонуу мүнөзүндө болгон жана бул Куралдуу күчтөрдүн америкалык аскерлерге февраль айында болгон үч чабуулуна жооп болгонун белгиленди. Сокку урууга АКШнын президенти Жо Байден буйрук берген.