Равшан Жээнбеков: "Соттор кеңешинин бардык мүчөлөрү отставкага кетсин"

Депутат Равшан Жээнбеков ЖКнын 10-октябрдагы жыйынында "ата журтчу" 3 депутатты актаган Бишкек шаардык сотунун судьялары боюнча сөз сүйлөдү. "Соттор кеңеши 2 судьяны кызматтан бошотуу боюнча токтом кабыл алып, президентке кол коюуга жөнөтүптүр. Биз кайсы заманда жашап жатабыз жана каякка баратабыз? Эгер президент ошол токтомго кол койсо, анда азыркы президенттин мурунку президенттерден эч айырмасы жок экенин көрсөтөт. Мындай чечим кабыл алган Соттор кеңешинин бардык мүчөлөрү өз эрки менен кызматтан кетиши керек",- деди депутат.  

Депутат 9-октябрда парламентте "Кумтөр" маселеси каралып жатканда колдоо үчүн Ак үйдүн алдына келген Макен Абылов менен Эркин Булекбаевди укук коргоо кызматкерлери кармап кеткенин сынга алды. "Булекбаевге эскертүү берип бошотуптур, Абыловго мурунку иштери боюнча кылмыш иши козголуптур",- дейт Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан