Жогорку Кеңештин комитети жаңы Конституциянын долбоорун кийинки аптада карайт. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.
"Кийинки аптада парламенттин тийиштүү комитетинде, андан кийин жалпы жыйында каралат. Бир аз өзгөрүүлөр киргени айтылып жатат. Бирок долбоордун акыркы вариантын көргөзбөй жатышат", - дейт Бекешев.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан аталган маалыматты тастыктап, тийиштүү комитет Конституция долбоорун 2-мартта карай турганын билдирди.