"Кыргызстанда электр энергиясынын баасын көтөрүүгө учурда негиз жок". Муну бүгүн, 10-октябрдагы маалымат жыйында Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин директору Бабырбек Жээнбеков билдирди. "Энергетика тармагындагы 6 айлык абалды анализдеп чыктык. Энергетика министрлиги менен учурда биздин агенттиктин ортосунда талаш-тартыш жүрүп жатат. Анализдин жыйынтыгы менен бааны көтөргөнгө негиз жок деп эсептейбиз. Энергетика министрлиги эмненин негизинде бааларды көтөрүү керектигин айтып жатканы түшүнүксүз”,- дейт агенттиктин башчысы.