Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган жарандар кайрадан нааразычылык акцияларын уюштурушууда. Бул тууралуу өлкөнүн расмий булактарына таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.
"Армения Николсуз" деп кыйкырган активисттер борбор калаадагы бир канча көчөнү жаап салышкан. Ушундай эле иш-чаралар баш калаанын башка аймактарында дагы болду.