Нью-Йоркто коронавирустун жаңы түрү табылды

АКШнын Нью-Йорк шаарында вакциналардын эффективдүүлүгүн төмөндөтүшү мүмкүн болгон мутациялары менен коронавирустун жаңы варианты жайылууда. Бул тууралуу Калифорния Технологиялык институтунун жана Колумбия университетинин окумуштууларынын изилдөөлөрүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер вирустун жаңы табылган вариантын B.1.526. деп аташты. Ал биринчи жолу шаардан ноябрь айында алынган үлгүлөрдөн табылып, февраль айынын ортосуна чейин кеңири жайылып кеткендиги белгиленди.

"Биз Уэстчестерде, Бронксто, Куинсте жана төмөнкү Манхэттенде, ошондой эле Бруклинде табылган учурларды көрүп жатабыз. Демек, бул кеңири жайылган окшойт. Бул өзүнчө жайылган эпидемия эмес", - деди Колумбия университетиндеги Aaron Diamond AIDS изилдөө борборунун директору доктор Дэвид Хо.

Нью-Йоркто жайылып бараткан коронавирустун курамында буга чейин башка өлкөлөрдө, анын ичинде Түштүк Африкада аныкталган мутациялар бар экени кабарланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан