Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынын башкы директору Таалайбек Кулмендеев Индиянын Кыргызстандагы элчиси Жайант Кхобратадс менен жолугушту. Анда Кыргызстанда индиялык кинотасмалар тартыла башташы мүмкүн экендиги тууралуу сөз болду. Кхобратадс: "Индиялык кинематографисттер фильм тартууда кыргыз аянтын колдонууга кызыкдар. Кыргызстанда жаратылыш абдан кооз, өзгөчө Ысык-Көл жерин белгилөө керек"- дейт. Жолугушууда 2 өлкөнүн кинематографисттери ортосундагы алаканы күчөтүү тууралуу да пикир алышуу болду.
чындыгында эле Кол Керемет жерда..сыймыктанам..Ыссык-Колум менен!! Элестетип атам Шахрух келип Колдо чуркуп кино тартып жургонуно..)) жакшы реклама болот эле)))
0
erkele
2013-10-12 09:12:18
мумкун!!!-дегенинер жаман да эрте эле дурбуй бербей анык болгондо так маалымат жазбайсынарбы!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.