Катуу сууктан Өзбекстан менен Тажикстанда шабдаалы, гилас, жүзүм сыяктуу өсүмдүктөр түшүм бербей калышы мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Белгилүү болгондой, 24-февралда абанын температурасынын кескин төмөндөшү адаттан эрте гүлдөгөн бир топ мөмө-жемиштерди үшүк алып кетүү коркунучун туудурган. Коңшу мамлекеттердин кээ бир аймактарында температура 10 градустан ылдый түшкөн.
"Мындай суук көптөгөн өсүмдүктөрдүн түшүмүн азайтат, ал эми данектүү мөмө-жемиштер бул жылы таптакыр түшүм бербей калышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Алдын ала божомолдоолорго ылайык, бул жылы бадам 55-60, шабдаалынын гүлдөгөн сорту 70-80, гүлдөй элек сорту 30-35, кара өрүк 35-40 пайызга аз түшүм бериши мүмкүн.