Орусиянын Киров шаарында эркек киши 52 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды тээп салган. Эргулдун өздүгү аныкталгандыгын Ички иштер министрлигинин облустук башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, эки күн мурда социалдык түйүндөрдө дүкөнгө кирип бара жаткан адамды далысына тээп салган кишинин видеосу тараган. Андан пенсионердин катуу соккудан кулап түшкөндүгүн көрүүгө болот.
Учурда окуяга шектүү кармалды. Ал Киров шаарынын 33 жаштагы тургуну экени аныкталды. Ага карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси "Сабоо" боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы такталууда жана күбөлөрү суралууда.
Укук коргоо органдары билдиргендей, эргул буга чейин майда уурулук жана машина уурдоо боюнча үч жолу соттолгон. Ал жасаган кылмышы үчүн алган жазасынан 2019-жылдын октябрь айында бошотулган. Кармалган жаран аялы жана 13 жаштагы өгөй кызы менен жашайт, анын өз балдары жок. Таксист болуп иштейт деп айтылат маалыматта.