Америкалык Нью-Жерси штатынын 105 жаштагы тургуну коронавирусту кантип жеңгенин айтып берди. Айтымында, ага COVID-19 менен күрөшүүдө мейиз жардам берген.
Карылар үйүнүн эң кары тургуну Люсия Де Клерктен 25-январь күнү COVID-19 вирусу табылган. Де Клерк алгач өзүнүн диагнозун укканда, өзүнчө болгусу келбей кабатырланган. Бирок эки аптадан кийин ооруну жеңип чыккан.
105 жаштагы Де Клерк испан тумоосун, эки дүйнөлүк согушту башынан өткөрүп, үч күйөөсүн жана бир уулун жерге берген. Ал узак жашоонун сыры катары ибадат кылуу жана пайдалуу тамак-аш менен азыктануу деп эсептейт. Анын айтымында, күн сайын эртең менен жеген күчтүү алкоголдук ичимдик, мейиз ага коронавирусту жеңүүгө жардам берген. Ал мейизди тогуз күнгө чылап коюу керек деп түшүндүрөт. Мындан тышкары, ал алоэ ширесин ичип, тишин сода менен чайкайт.