Түркмөнстанда жаңы майрам негизделди. Мындан ары түркмөнстандыктар ар жыл сайын апрель айынын акыркы жекшембисинде Алабай майрамын түркмөн жылкысынын улуттук күнү менен кошо белгилешет. Президент Гурбангулы Бердымухамедов мындай чечимди "түркмөн тукумундагы алабай итинин дүйнөлүк атак-даңкын көтөрүү" максатында кабыл алган. Президент тиешелүү жарлыкка бүгүн, 26-февралда кол койгонун жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түркмөнстандын Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги "Түркмөн Алабай" эл аралык ассоциациясы менен биргеликте Түркмөн Алабай майрамын жогорку деңгээлде өтүшүн камсыз кылат.
Түркмөн алабайы – орто азиялык дөбөттүн түрүнө кирет. Ал чабандардын короосун жырткыч жаныбарлардан кайтарган кароолчу ит катары белгилүү. Дөбөттүн бийиктиги 70 сантиметрге, салмагы 80 килограммга чейин жетет. Териси калың, жүнү катуу жана коюу болгондуктан суукка бышык.
Бердымухамедов 2019-жылы алабайга арнап китеп жазган. Буга чейин Ашхабадда жаңы салынган турак жай комплексинде түркмөн тукумундагы алабай итине эстелик тургузулуп, анын ачылыш аземине президент Гурбангулы Бердымухамедов өзү катышкан. Ошондой эле түркмөн башчысы Орусиянын президенти Владимир Путинге жана премьер-министр Дмитрий Медведевге алабай породасындагы итти белекке берген.