Садыр Жапаров Орусиядагы эмгек мигранттарына байланыштуу маселелерди көтөрдү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Орусия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Владимир Путин менен жолугушууда мигранттар тууралуу маселелерди көтөргөн. Бул тууралуу президент «Российская газетага» маек берип жатып билдирген.

— Владимир Путин менен болгон жолугушууда кандай маселелер талкууланды? Сүйлөшүүлөр мерчемделген убакыттан узак болгону белгилүү.

— Биз көп маселелер боюнча сүйлөштүк. Негизинен эки өлкө ортосундагы экономикалык пландагы, аскер жаатындагы кызматташуу жана өз ара аракеттешүүнүн башка багыттары боюнча сөз болду. Ошондой эле КОВИД-19 илдети боюнча сүйлөштүк. Орусиялык кесиптештер бизге вакцина беришти, Кыргыз өлкөсүнө дагы кошумча вакцина берүүнү убада кылышты.

— Москвада Орусия аймагындагы кыргыз мигранттары туурасында маселе талкууландыбы?

— Орусия тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Орусиянын аймагындагы жалпы эмгек мигранттарыбызга байланыштуу маселелер көтөрүлдү.

Биздин жарандардын Орусияга барып иштеп келүүсүн жеңилдетүү маселелерине өзгөчө басым жасалды. Өзгөчө биздин өлкөлөрдүн ортосунда жумушчулардын эркин жүрүүсүн камсыз кылуу үчүн транспорттук байланыштарды толук кандуу калыбына келтирүү зарылчылыгы белгиленди.

Ошондой эле расмий маалыматтар боюнча, Орусияда 800 миңден ашуун кыргыз жүргөндүгүн эске алганда, алардын көпчүлүгү экономикалык жана социалдык жактан толугу менен орус коомуна интеграцияланган. Мен коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча орусиялык программаларга Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарын жана алардын үй-бүлөлөрүн киргизүүнү же алардын акы төлөп эмдетүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндүм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан