"Улуту менен сыймыктанган эң башкы документ — паспорт". Садыр Жапаров документте "улуту" графасынын кайтарылганы боюнча түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров жарандар үчүн Кыргыз паспортуна «улуту» графасын кайтарган себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 26-февралда «Российская газетага» жарыяланды.
Жапаровдун айтымында, бул паспортто улутун ачык көрсөткүсү келгендердин конституциялык укугун коргогондук болуп эсептелет.

"Белгилүү болгондой, 2017-жылдан бери Кыргыз Республикасынын жарандарына жаңы паспорттор берилип, анда айрым маалыматтар, анын ичинде улуту чипке салынган, башкача айтканда, жакшыртылган.

2020-жылдын 14-октябрында премьер-министр катары маалымат жыйынында жарандардын каалоосу боюнча жаңы паспортторго «улуту» деген жаңы графаны киргизүү мүмкүнчүлүгүн жарыяладым.

Муну жеке мен гана чечкен жокмун. Муну тастыктоо иретинде бир катар жарандардын Жогорку Соттун Конституциялык палатасына жаңы биометрикалык паспорттордо жарандардын улуту жөнүндө маалыматтын ачык жазылбагандыгы боюнча кайрылуу жолдошконун айта кетейин.

Биздин Конституцияга ылайык, өлкөнүн ар бир жараны өзүнүн улутун эркин көрсөтүүгө укуктуу.

Ошондуктан палата улуту жөнүндө маалыматтар электрондук чипке гана киргизилгенин жана паспортто текст түрүндө көрсөтүлбөгөнүн Конституцияга каршы келген ченем катары тааныды.

Конституциялык палатанын чечимин аткаруу максатында 2020-жылдын 14-декабрында өкмөт республиканын жарандарына ID-паспорттордо улутун көрсөтүү укугун берген токтом кабыл алды. Ошентип 2020-жылдын 16-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары жаңы биометрикалык ID-паспорттордо улутун көрсөтүүгө укуктуу.

Эми ар бир жаран паспорт алганда кааласа өзүнүн улутун көрсөтсө болот же көрсөтпөй койсо деле болот.

Улуту менен сыймыктанган жана адам үчүн эң башкы документ — паспортто улутун ачык көрсөткүсү келгендердин конституциялык укугун коргодук деп айтсак болот".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан