Президент Кувейттин эмирин мамлекеттик Улуттук күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кувейт мамлекетинин Эмири шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахты Кувейт мамлекетинин Улуттук күнү менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.

Анда Садыр Жапаров Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахка бекем ден соолук жана жоопкерчиликтүү ишине албан ийгиликтерди, ал эми Кувейт элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалаган.

"Кыргыз Республикасы менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы достукка, өз ара колдоого жана ишенимге негизделген мамилелерди эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары жогорку даражага алып чыгуу максатында биргелешип иш алып барууга чын дилимден даярдыгымды билдирем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан