Журналист Садыр Жапаровго: "Сиз шайлоочуларга берген убадаларыңызды кантип аткарасыз?". Президенттин жообу

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысы катары Орусияга болгон биринчи чет өлкөлүк иш сапарынын алкагында «Российская газетага» көлөмдүү маек берди. Маек гезиттин бүгүнкү, 2021-жылдын 26-февралдагы санына жарыяланды.

— Январь айында сиз президенттик шайлоодо ишенимдүү түрдө жана атаандаштарыңыздан ири айырмачылык менен алдыга чыгып, жеңишке жеттиңиз. Социология сиздин негизги электоратыңыз — бул айыл тургундары экенин ырастайт. Президент мырза, сиз аларга эмне убада бердиңиз жана берген убадаларыңызды кантип аткарасыз?

— Президенттик шайлоодо мени айыл тургундары эле эмес, шаардын жашоочулары да колдогонун белгилеп кетейин. Өлкөнүн бардык облустары менен шаарларында көпчүлүк добушка ээ болдум. Мисалы, Бишкекте мен үчүн борбордо экинчи орунду алган талапкерге караганда беш эсе көп шайлоочу добушун берди.

Биринчиден, шайлоочулар мени элден чыккан жөнөкөй адам катары жана коррупцияга белчесинен батып, өлкөдө көп жылдар бою үстөмдүк кылып келген элиталардын системасын буза турган, системадан тыш адам катары көрүп, колдошту деп ойлойм. Мындан тышкары, парламенттик система элдин үмүтүн актай алган жок, парламент өз бизнесин коргоо үчүн депутаттык статусту сатып алган олигархтардын чогулушуна айланып калды.

Партия лидерлери мандат саткан соодагер болуп калышты. Коррупция бийликтин аткаруу жана сот бутактарын толугу менен бузуп бүттү. Өлкөнү саясий талаш-тартыштар, жаңжалдар бөлүп-жарды. Башкаруучу элита толугу менен башкарууга жөндөмсүздүгүн жана моралдык жактан деградацияга туш болгонун көрсөттү. Тилекке каршы, мындай иштердин жыйынтыгы жаман болуп, элдин үч ирет массалык нааразычылыкка чыгышына түрткү болду. Натыйжада бийлик үч жолу алмашты.

Эл сапаттуу өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Бардык убадаларды аткаруу үчүн күн сайын талыкпаган эмгек талап кылынат. Мен мындай ишке даярмын. Убадаларды аткаруунун алкагында учурда коррупцияга каршы күрөш кызуу жүрүп, премьер-министрлер баш болгон ири чиновниктер камалып жатканын белгилей кетейин. Ири уюшкан кылмыштуу топтордун бир нече лидерлери камакка алынды.

Инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, мамлекеттик органдар оптимизацияланууда. Саламаттыкты сактоо, жер казынасын пайдалануу, миграция, айыл чарба, инвестиция жана башка чөйрөлөрдө биринчи он жарлык кабыл алынды. Мунун баары элдин турмушун жакшыртууга багытталган.

Албетте, кагаз баарына чыдайт. Каалаган жарлыкты чыгара берсең болот. Бирок, жарлыктар кезектеги куру декларативдүү документ болуп калбашы үчүн, алардын аткарылышын жеке көзөмөлүмө алам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан