Журналист, Кыргыз өлкөсүнүн президенттигине талапкер болгон Мыктыбек Арстанбек УКМК тарабынан кармалып, 2 айга камакка алынган, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча оюн айтып, видео жарыялады. Өз сөзүндө ал кезинде Матраимовдун жардамын, жакшылыгын көргөндөр бүгүн ага колдоо көрсөтпөй жатышканын белгиледи.
"Кыргыз өлкөсүнүн жараны катары атуулдук пикиримди айтып койбосом ошол ойлор көөдөнүмдү тырмап туруп алды. Менин Райымбек Матраимов менен эч кандай байланышым жок, бала кезде бир эки кез келип калганыбыз эле болбосо такыр алакабыз жок. А мен принципиалдуу түрдө ага жологон жокмун, аябай көп адамдар ушул баланын акырынан жем жеди. Аябай көп, чындыгында. Райымга тиешеси жок адам аздай, мурдагы президенттен баштап бул баланын колунан жакшылык көрө элек адам аз. Кудай ага берген экен, ал өзү басып жатып алган жок, чачты баарын.
Матраимов эркиндикте болобу же жокпу ал мыйзам маселеси, мен адамгерчилиги жөнүндө айтып жатам. Кээ бир олуттуу деген саясатчылар, өтө чоң саясатчылар ушул баладан көрдү, менмин дегендин баары, мен азыр аттарын атагым келбейт, бирок баары ушул баланын багуусунда турду. Бирок ошолордун бири эмнеге анын көңүлүн сурап койбойт? Ошолор социалдык желелерде ушул тууралуу чыгарып коюшса эмне болушат? Райым аке сабыр кылыңыз, биз сиздин жакшылыгыңызды билебиз деп коюшпайбы жок дегенде.
Алар антип чыксам коррупционерге тиешеси бар деп эл айтып жиберет деп ойлошобу, бирок тиешеңер бар да чынында, адамгерчилик кылыш керек да", - дейт ал өзүнүн видеобилдирүүсүндө.