Журналист, президенттикке талапкер болгон Мыктыбек Арстанбек Райымбек Матраимовду колдоп чыкты. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары тууралуу ал видеобилдирүү жасады. Мыктыбек Арстанбек Матраимовду Кудай берген ырыскыны бөлүшкөн адам деп сыпаттап, эл анын жакшылыгын унутпай турганын, эл унутса да Кудай унутпай турганын айткан.
"Мыйзам бузган туура эмес, менимче мыйзамдын өзү балким кээ бир оңдоолорго муктаж. "Дордойдогу" абалдын начарлашын, өлкөгө башка өлкөлөрдөн товарлардын киришинин кыйындашын ушул баланын камалгандан кийинкисине байланыштырса болот экен.
Бир нерсени айтышым керек, Райымдай балдарды иштетишибиз керек, көп элди, анын ичинен менмин дегендерин дагы багып жаткан адамды каматып жиберишти. Бул кимдин кызыкчылыгы болду билбейм, балким коңшу мамлекеттердин кызыкчылыгы. Канткенде дагы "Сен убада кылдың эле, эми ушуну камайсың" деп каматып азыр жыргап отуруп калдык.
Бирок COVID-19 пандемиясында ушул адамдай элге эч ким жардам көрсөткөн жок, муну мамлекеттик структурада иштеген балдар өздөрү айтып жатат.
Мени Райымдан акча алды дегендер өздөрү бузуку, бир тыйын алган жокмун. Ошол эле Садыр Жапаров, ошол эле Текебаев камакта отурганда дагы айтканмын "бул адамдарды иштетишибиз керек" деп.
Шантаж, соцтармакта отурган фейктердин сүрөөнү менен каматып салдык, ошолордун жазгандарын элдин пикири деп айтып барышат экен да, чынында элдин пикири башка болчу", - деди Мыктыбек Арстанбек.