"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясынан 64 миллион 211 миң 178 бейтап айыгып чыкты

Бүгүн, 28-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 113 миллион 746 миң 166 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 64 миллион 211 миң 178 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 524 миң 133 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 28 миллион 554 миң 167 болду. 511 миң 994 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 79 миң 979 адамдан аныкталды. 156 миң 938 адам каза болсо, 10 миллион 763 миң 451 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 10 миллион 517 миң 232 адам вируска кабылган. 254 миң 221 бейтап көз жумса, 9 миллион 371 миң 448 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан