Мексикада куралдуу кол салуудан 11 адам каза болуп, дагы эки жаран жаракат алды

Мексиканын Халиско штатында куралдуу кол салуудан 11 адам каза болуп, дагы эки жаран жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, көчөлөрдүн биринде ок атуудан улам каза болгон 10 эркек кишинин жансыз денеси табылган. Ал эми бир өспүрүмдүн денеси жакын жайгашкан үйдөн табылган.

Мындан тышкары эне менен бала дагы октон жаракат алышкан. Алар алган жаракатынын негизинде ооруканага жаткырылган. Учурда аталган штаттын прокуратурасы бул факты боюнча иш козгоп, териштирүүнү баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан