Тихановская жазында Александр Лукашенко президенттик кызматтан кетет деп ишенет

Беларусь өлкөсүнүн мурдагы президенттикке талапкери жана оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко жазында мамлекет башчылык кызматынан кетет деген пикирин билдирди. Бул тууралуу Тихановская немис басылмаларына берген маегинде айткан.

"Лукашенконун режими быйыл кулайт. Менин оюмча бул жазында болот", - деген Тихановская.

"Ал кантип кетет?" деген суроого Тихановская оппозиция көптү түзөрүн жана Александр Лукашенкого кысым көбөйөрү менен түшүндүргөн.

Ал ошондой эле агрессивдүү революцияны каалаган адамдар бар экендигин белгилеген. Бирок өзү тынчтык митингдерине ишенет жана бул маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнү жактайт.

Буга чейин Тихановская оппозициянын мүчөлөрүн Беларустун эгемендүүлүк күнүнө карата 25-мартта кайрадан көчөгө чыгууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан