Индиянын жараны аялы менен кызын сактап калуу үчүн илбирсти куралсыз, колу менен өлтүрдү

Индиянын Карнатака штатынын жашоочусу аялы менен кызын сактап калуу үчүн илбирсти куралсыз, колу менен өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Окуя Раджагопал Наик, аялы жана кызы менен тойдон келе жатканда болгон. Велосипедде бара жаткан үчөөнө илбирс капыстан чыга калып кол салган.

Наик жырткычты түртүп жиберип кармаша кеткен. "Жырткыч менин үстүмө секирип, колумду жана моюнумду тиштегенге аракет кылды. Мен өзүмдү колум менен коргодум, андан кийин аны жерге такап, тизем менен өлтүрүп салдым", - деп айткан.

Токой чарба департаментинин өкүлдөрү буга чейин ушул эле илбирстин кол салуусунан кеминде үч адам жаракат алгандыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
PFC-CSKA
2021-03-01 19:04:58
Жан керек болгондо адам Арыстанга айланып кетет деген чын да негизи.
+25
Baatirbek81
2021-03-01 21:59:55
Жылаңач деген башкача угулуп калат экен!)))
Колунда куралы жок десеңер!
+17
Asmat84
2021-03-01 22:54:23
Мына чыныгы эркек чыныгы ата өз үй бүлөөсү үчүн жанын бергенге даяр экендигин далилдеп турат
+14
Erlan_95
2021-03-02 17:36:50
Бул илбирс эмес да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан