SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова болду. Анда ага "Депутат кезиңизде өтө активдүү элеңиз, вице-премьер-министр болгондо көп унчукпай калдыңыз. Эмнеге мындай болуп калды? деген суроо узатылды.
"Депутат бул эл өкүлү. Мен 4 жарым жыл депутат болдум. Элден келген кайрылуулар менен иштедим. Маселелерди алып чыгып, алардын үстүнөн иштедим. Ал эми вице-премьер-министр болуп өтө оор убакытта барып калдым. Өкмөт бул аткаруу бийлик. Менин сындаганга эч бир укугум жок. Кемчиликтер болсо кайра аларды оңдош керек. Аны туура калыпка салып кетиш керек. Мисалы мен вице-премьер-министр болуп келгенде ойлогом, бардык медицина тармагындагы кемчиликтерди карап чыгып, өзүм жетектеп, ишке киргизем деп. Бирок менин ага убактым болгон жок, биз көбүнчө илдет менен алышып калдык", - деди Исмаилова.