Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков өкмөттүн "Кумтөр" боюнча сунуштаган долбоорун сынга алды. "Өкмөт биз үлүшүбүздү 50 пайызга жеткирдик деп мактанбасын. Элге ачык айтыш керек, "17 пайыздык акцияны 100 миллион долларга сатып алуу менен 50 пайызга жеттик" деп. Бул эмне деген мамиле, бул меморандум Кыргызстандын кызыкчылыгына таптакыр жооп бербейт. Өкмөт "мен "Центерра" менен сүйлөшүүдөн ушул жыйынтыкка келдим, колдосоңор иштешели, колдобосоңор мен отставкага кетем" деши керек болчу",- деди депутат. Исаков өкмөт сүйлөшүүдө жакшы жетишкендик жарата албаганын айтып, депутаттарды меморандумду колдобоого чакырды.