Кыргыз өлкөсү коңшу Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров эл аралык "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
"Суу маселеси боюнча азыр өзүбүздө проблемалар башталды. Анткени баарыңыздар жакшы билесиздер дүйнө жүзү боюнча суунун жетишсиздиги башталды. Ошого байланыштуу бизде Токтогул суу сактагычында эгерде бүгүнкү күн менен кете берсек, анда эмдиги жылы бизде өзүбүздө катастрофалык деңгээлге жете турган акыбалга келип калдык. Ошондуктан биз азыр Өзбекстан жана Казакстандан электр энергиясын импорттоо маселесин карап жатабыз. Казакстан Республикасы Кудайга шүгүр жакында макулдугун берди. 900 миллион киловатт, башкача айтканда, 1 миллиардга жакын киловатт электр энергиясын бере турган болду. Өзбекстан менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Себеби импорт кылбасак анда биз азыртадан сууну агызып, электр энергия менен өзүбүздүн мамлекетти камсыз кылышыбыз керек болот. Бирок натыйжада вегетация мезгилинде эч кимге суу жетпей, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли төмөндөйт. Демек, биз энергияны Казакстан менен Өзбекстандан импорттошубуз керек. Натыйжада, вегетация мезгилинде мамлекеттер аралык милдеттенмелерибизди аткарабыз деп ишенебиз", - деп билдирди Жапаров.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2-3-мартта иш сапары менен коңшу Казакстанга барат.