Орусияда учакта 5 айлык ымыркай апасынын колунан жыгылып, баш сөөгүнөн жаракат алды

Орусияда учактын жүргүнчүсү учуп бара жатып беш айлык ымыркайын колунан түшүрүп жиберди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Москва шаарынан Ростов-на-Дону шаарына учуп бара жаткан учактын бортунда болгон. Жаш эне баласын бешик менен кошо тизесине коюп кетип бараткан. Учуу маалында бешик кокусунан колунан түшүп кетип ымыркай жаракат алган. Ымыркайдын жаракат алгандыгына карабастан аял окуя тууралуу экипажга кабар берген эмес. Үйүнө баргандан кийин баланын абалы начарлап, куса баштаган.
Натыйжада, ымыркай баш сөөгүнөн жаракат алган. Учурда баланын абалы туруктуу, анын өмүрүнө коркунуч жок деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-03-01 20:27:21
Кудай сактасын,өмүрү узун болсун.
+3
Kadyrova_
2021-03-02 10:14:43
Экипаждарга айтпай кете берсе,Кыргыз келин окшойт биз кыргыздар ошондойбуз качаан өлөйүн дегенде кайрылабыз доктурга.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан